Овчаров Степан Семёнович

Википедия дан

Овчаров Степан Семёнович (1909, азыркы Башкыртстан, Альшеев району, Ново-Константиновка кыштагы – 14. 10. 1943, Верхний-Днепр району, сөөгү Калужино кыштагына коюлган) – Советтик Союздун Баатыры (1944). Советтик Армияга 1941-ж. Токмок аскер комиссариатынан чакырылган. 1942-жылдан аракеттеги армияда. Улуу Ата Мекендик согушта 197-гвардиялык артиллерия полкунун (Талаа фронту, 37-армия, 92-гвардиялык аткычтар дивизиясы) командири. 1943-ж. 8-октябрда өзүнүн аткычтар бөлүкчөсү менен Днепр дарыясынан Днепровокаменка (Верхне-Днепров району) айлынын тушунан өтүп, душмандын 3 куралын, ок атуучу жерин, дзотун талкалап, жөө аскерлер үчүн жол ачкан. 10-октябрда анын расчету 20 танк менен болгон салгылашта эрдик көрсөткөн. Аягында өзү жалгыз калып, дагы 2 танканы талкалаган. Овчаров гитлерчилер курчоосунда калып, баатырларча курман болгон. Ленин ордени менен сыйланган. Днепрокаменка кыштагына эстелиги тургузулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]