Ойсул-ата

Википедия дан

Ойсул-ата (арабча Вайс ал-Карани) — төөнүн пири, колдоочу ээси. Орто Азия элдеринин, ошондой эле кыргыздардын фольклорунда кездешкен диний же мифологиялык түшүнүк. «Манас» эпосунда ушул мааниде чагылдырылган. Мисалы, Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Акбалтага өркөчүндөгү куржунунда бала салынган О.-А. жолугат:

Мунарык болуп бурчтанган,

Булунгур болуп учтанган

Чоң талаанын бетинен

Медияндын чөлүнөн,

Акбалтанын алдынан

Ойсул-Ата куу каймал,

Акбалтанын төл малы

Каршы чыга калганы (Саякбай Каралаев , 1. 22).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4