Оксиуроз

Википедия дан

Оксиуроз (Oxyurosis) – сыңар туяктуу малдын (жылкы, эшек) инвазиялуу ылаңы. Oxyuris уруусундагы жумуру курт пайда кылат. Ылаң козгогуч курт (эркегинин Узундугу 6–19 мм, ургаачысыныкы 24–180 мм) жоон ичегиде мителейт. Ылаң тоют менен кошо инвазиялуу жумурткаларды жегенде, куйругунун кычышкан түбүн тиши менен кашыган кезде ж. б. жугат. Ылаңдын белгилери: жылкынын денесинде кычыткы пайда болот, куйругунун түбүн көрүнгөн нерсеге сүрүп, кашый баштайт, жүнү түшүп, дерматит болот, ичегинин иштеши бузулат, арыктай баштайт. Дарылоодо төрт хлорлуу углерод, тимол, тиабендазол берилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]