Мазмунга өтүү

Окууучуларды медициналык кароодон өткөрүү

Википедия дан

Окуучуларды медициналык кароодон өткөрүүмедициналык кароо өзүнүн милдети боюнча үчкө бөлүнөт:

  • Алдын ала кароодон өткөрүү;
  • Дайыма мезгил-мезгили менен өткөрүү;
  • Бир максатка ылайыктуу массалык жүргүзүлүүчү изилдөө.

Алдын ала кароонун максаты окучулардын ден соолугунун текшерип, окуп кетүүгө жарамдуулугун аныктоо. Мезгил-мезгили менен дайыма медициналык кароодон өткөрүү профилактикалык максатты көздөйт. Мында айрым окуучулардын кайсы ооруга организми жакын экенин, кантип алдын алуу жолдорун аныктайт. Айрым оорунун башталышына жол бербей алдын алууга болот. Массалык кароодон өткөрүү айрым эпидемиялык ооруларга таралуу шарты пайда болгондо жүргүзүлөт. Мында массалык эмдөөгө алдын ала даярдык көрүлөт.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004