Окшоштук теориясы

Википедия дан

Окшоштук теориясы - физ. ку­булуштардын окшоштук шарттары жөнүндөгү окуу.

Окшоштук теориясы физ. чоңдуктардын өлчөмдүүлүк теориясына негизделип, физ. моделдөөнүн негизин түзөт. Окшоштук теориясынын милдети — ар кандай физ. ку­булуштардын окшоштук критерийин табуу жана анын жардамы менен бул кубулуштардын касиеттерин изилдөө. Бир физ. кубулушту мүнөздөөчү өзгөрмө чоңдуктардын маанилери бир­дей убакытта жана мейкиндиктин бир­дей чекиттеринде экинчи кубулушту мүнөздөөчү тийиштүү чоңдуктарга пропорциялаш болсо, анда бул кубулуштар окшош, ал эми кубулуштарды аныктоочу өлчөмсүз чоңдуктар окшоштук критерийлери деп аталат.

Окшош кубулуштарда окшоштук критерийи бирдей маанилерге ээ. Эгер изилденүүчү кубулуштар дифферен­циал тдемелери м-н туюнтулса, ан­да аныктоочу иараметрлер баштапкы жана чектик шарттарга жана теңдемелердин коэффициенттерине кирет. Теңдемелердн өлчөмсүз түргө келтиргенден кийин аларда өлчөмсүз гана коэффициент калат. Бул коэффициенттер окшоштук критерийи бо­луп саналат. Окшоштук теориясы практикада физ. татаал кубулуштарга сапаттык-теориялык анализ жүргүзүүгө, аларды аныктоочу өлчөмсүз параметрлерди табууга жардам берип, эксперименттик жыйынтыктарды иштетүүгө негиз болот.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.