Омошов Өмөркул

Википедия дан

Омошов Өмөркул 1902-жылы 17-январда азыркы Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган.

  • Эрезеге жетип, эс тартып калганда, Октябрь Революциясы жеңип, бийликке большевиктер келет.
  • Көк-Артта колхоз уюшулганда, колхоздун ар кандай жумуштарында иштеп, ошол эле мезгилде, ыктыярдуу отряддын катарында да кызмат өтөйт.
  • Улуу Ата мекендик согуш башталганда, өз ыктыяры менен согушка кеткен.
  • Алгач Ташкент шаарында эки айлык даярдоо курсунда болуп, андан кийин кан күйгөн Белорус фронтуна туш болот.
  • Бир айдын ичинде эле, бүтүндөй полк кыргынга учурап, тирүү калгандарын башка полкторго кошуп жиберген.
  • Мылтыкты жакшы аткандыктан, жаңы барган бөлүктө 12 адамдан турган снайпердик отделенияга туш келип, 1943-жылга чейин кызмат өтөгөн.
  • 1943-жылы оор жаракат алып, госпиталга түшөт.
  • Айыгып чыккандан кийин, Балтика деңизи аркылуу келген Америкалык кемелердин жүктөрүн фронтко жеткирүүчү конвойдо кызмат кылып жүргөндө, немец авиациясынын бомбалоосуна кабылып, дагы бир жолу оор жаракат алат.
  • Ошол алган жараатынан кийин, 1944-жылы бир топ орден, медалдардын ээси болуп, айылына кайтып келет.
  • 1980-жылы каза болгон


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3