Ооз

Википедия дан
Ооз көңдөйү: 1— катуу таңдай; 2— жумшак таңдай; 3— таңдайдын саңоорлору; 4— кичине тил; 5—бадам сымал бездер; 6—көмөкөй; 7—тил; 8— астыңкы жаак тиштери.

Ооз, ооз көңдөйүтамак сиңирүү системасынын баштапкы бөлүгү. Ооз көңдөйү алдыңкы (ооздун кире бериши) жана арткы бөлүктөн (негизги ооз көңдөйүнөн) турат.

Алдыңкы ооз сырты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алдыңкы ооз сыртынан эрин жана уурт, ичинен кырка тизилген тиштер жана алардын тамырлары бекиген бүйлө менен чектелет.

Ооз көңдөйү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал эми арткы — негизги ооз көңдөйү болсо, катар тизилген тиштер менен бүйлөнүн арт жагында жатат. Ооз көңдөйү сыртка ооз тешиги аркылуу ачылат, ал эми арт жагынан болсо, кулкун менен чектелет. Ооздун үстүңкү керегесин катуу жана жумшак таңдайлар түзөт. Катуу таңдай эки үстүңкү-жаактын таңдай урчугунан жана таңдай сөөгүнөн турат. Ал эми жумшак таңдай болсо таңдайды көтөрүп жана түшүрүп туруучу таңдай тил жана таңдай-кулкун булчуңдарынан турат. Ал булчуңдар ооз көңдөйүнүн артындагы таңдай көшөгөсүн түзөт. Жумшак таңдайдын ортосунда кичине тил жайгашкан.

Төмөнкү керегесинин түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ооз көңдөйүнүн төмөнкү керегеси жаак, мууздоо булчуңдарынан жана тилден турат. Ооздун ичи бүт былжырлуу кабык менен капталган. Анда оозду жана жеген тамакты нымдоо үчүн керек шилекей бөлүп чыгаруучу эң көп майда бездер жана тамакты майдалап чайноочу отуз эки тиш жайгашкан. Ошондой эле ичкен тамактын ачуу, таттуу даамын татыган тил жатат. Оозго анын айланасында жайланышкан тил, жаак, кулак алдындагы бездерден шилекей тынымсыз агып келип турат. Ошентип ооздогу тамак майдаланып чайналып, шилекей менен нымдалгандан кийин Ошондой к-нөн ары кулкунга өтөт. Ооздо туруктуу микрофлора бар. Ал жугуштуу микробдорду өткөрбөй тосуп турат. Мындан сырткары ал сүйлөөгө да катышат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8