Оозандыруу

Википедия дан

Оозандыруу — кыргыз элинин салтында жаңы төрөлгөн балага аткарылуучу ырымдардын бири. Жаңыдан төрөлгөн балага төрөткөн аялдардын бири сары май менен баланы оозандырган. Мына ушул ырым О. деп аталган. Элдик түшүнүк боюнча эгерде наристени сары май менен оозандырса анда ал эс тарткандан кийин, ата-энесине, эл-журтуна кайрымдуу, оокат-жайлуу, мал жандуу адам болуп, оозунан жакшы сөз, жакшы тилектер гана чыгып турат. «Манас» эпосунда Чыйырды аман-эсен көз жарганда баланы үч карын май менен оозандырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4