Органикалык эмес жана физикалык химия институту

Википедия дан

Органикалык эмес жана физикалык химия институту Кыргыз ССР ИАнын, 1943-ж. уюшулган СССР ИАнын Кырг-ндагы филиалынын Химия ин-тунан 1960-ж. бөлүнүп чыккан.

  • Адегенде респуликанын минерал жер байлыктары, табигый туздары, таш көмүр, чопо, түстүү жанa сейрек кездешүүчү металлдардын кенин изилдеп, курулуш материалдарына физ.-хим. мүнөздөмө берүү жанa аларды эл чарбасына пайдалануу маселелери изилденген.
  • Ин-тта түстүү жанa сейрек кездешүүчү металлдардын химиясын, технологиясын иштеп чыгуу, минералдык байлыктарды изилдеп, эл чар­басына пайдалануу, биол. активдүү заттарды синтездеп алуу жанa алардын пайда болуу закондорун, электр учкундарынын энергиясын пайдаланып жог. темп-рага чыдамдуу катуу заттарды, активдүү катализаторлор-ду бөлүп алуу жолдору изилденүүдө.
  • Ин-ттун 14 лабороториясында 183 ил. кыз­маткер, анын ичинде Кыргыз ССР ИАнын 3 корр. мүчөсү, илимд. 6 док­тору, 45 кандидаты эмгектенет (1978).


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.