Ордо I

Википедия дан

Ордо I - байыркы, орто кылымдардагы, жаңы доордогу түрк тилдүү элдердеги уруу, уруулук бирикме башчысы, кагандын (хан) көчмө (убактылуу) же туруктуу жашоочу өргөөсү, ордосу, борбору. Көчмө же убактылуу ордо көрүнөө же ыңгайлуу жерге орнотулган. Ал башка боз үйлөрдөн айырмаланып табияттын шартына жараша ак кийизден жасалгаланып, алтын саймалар менен шөкөттөлгөн. Мындай формадагы хан ордосу аскер жүрүштөрү же согуштук кырдаалда бир жерден экинчи жерге которууга ыңгайлуу болгон. Туруктуу ордо мамлекеттин борборунан же аскердик-саясий, экономикалык жактан маанилүү шаарлардан орун алган. «Ордо» сөзмө- сез которгондо борбор дегенди туюнтат. Мисалы, Ордукент, Орду Балык - «Борбор шаар», Алтын Ордо - «Алтын Борбор», Кызыл Ордо - «Кызыл Борбор» жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]