Ормокеев Самидин

Википедия дан

Ормокеев Самидин 1931-жылы азыркы Сузак районунун Жаңы-Арык айылында туулган.

  • Орто мектепти аяктап, эмгек жолун ошол эле мектепте башталгыч класстарга мугалим болуп иштеп баштаган.
  • 1953-жылы Ош Мамлекеттик Педагогикалык институттун чет тилдер факультетине тапшырып,
  • 1957-жылы англис тили боюнча мугалим адистигин ийгиликтүү аяктайт.
  • 1957-1968-жылдары Ак-Тоок, Кара-Алма айылдарындагы мектептерде чет тил мугалими,
  • 1968-1972-жылдары Сузак районуна караштуу «Фрунзе» атындагы орто мектепте директор болуп эмгектенип, КПССтин катарына мүчө болуп кабыл алынган.
  • Ошол жылдары кароо-сынактан 1-орунду алып, Индия Мамлекетине англис тили боюнча котормочулука кызматка чакырылат, бирок турмуш шартына байланыштуу барбай калган.
  • Андан кийинки жылдары A. С. Макаренко, Кызыл-Пахтачы орто мектептеринде чет тил мугалими болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.
  • Эс алууга чыккандан кийин, элдин жакшылык-жамандыгын, той-мааракелерин тейлеген, өмүрүнүн акырына чейин айыл аксакалы болуп, элине кызмат кылган.


Бир канча Ардак грамоталар жана башка сыйлыктар менен сыйланган. 2000-жылы дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3