Орозов Чилдебай
Орозов Чилдебай (1931-ж. т., Акчий - Карасуу айылы) - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы (1998).
- 1955-ж. Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүткөн.
- 1955-жылдан Токтогул райондук саламаттык сактоо башкармасынын башчысы, санитария-эпидемиологиялык станциясынын, райондук борборлоштурулган оорукананын, Үчтерек участкалык ооруканасынын башкы врачы болуп эмгектенген. Учурда айылдык врачтык амбулаториянын врач-невропотологу.
- Кыргыз ССРинин саламаттык сактоо отличниги (1958).
- Үчтерек ооруканасына ысмы берилген (1999).
- Медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5