Ороо-Башы мрамор кени

Википедия дан

Ороо-Башы мрамор кени - Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан 25 км түштүк-батыш тарапта, Кызарт тоосунун этегинде. 1928-ж. табылган. Кен аймагын протерозой заманында пайда болгон мрамор, гнейс тектери жана аларды жиреп чыккан гранит интрузиялары түзөт. Мрамор катмары гранит тегинин арасында калдык түрүндөгү үч тулкуну түзөт. Калыңдыгы 70–150 м, узундугу 170 – 600 м. Мрамор ири кристаллдуу, өңү ак. Майда жаракалар арбын болгондуктан мрамордон чоң блоктор даярдалбайт, бирок андан мрамор күкүмүн алууга жана курулуш акиташы катары пайдаланууга болот. Запасы С1 категориясы боюнча 2,5 млн м2.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]