Ортогоналдык өзгөртүп түзүү
Ортогоналдык өзгөртүп түзүү – вектордун узундугун же скалярдык көбөйтүндүсүн өзгөрүүсүз сактоо менен евклид вектордук мейкиндигин сызыктуу өзгөртүү. Ортогоналдуу жана нормаланган базисте ортогоналдык өзгөртүп түзүүгө ортогонал матрица туура келет. Ортогоналдык өзгөртүп түзүүлөр берилген евклид мейкиндигин координата башталышынын айланасында буруунун жалпыланышы. Ортогоналдык өзгөртүп түзүү квадраттык форманы башкы окторго келтирүүдө колдонулат, к. Матрица.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7