Орто-Чаткал

Википедия дан

Орто-чаткалтопоним . Эпосто кыргыздарга ынтымакташ элдер жашаган аймактардын бири катары баяндалат. Көкөтөйдүн ашында эпостогу белгилүү кандардын бири Музбурчактын мекени катары сүрөттөлөт.

Эң бери чети элиңдин

Эсебин уккун кебимдин,

Букарай шарып ары жагы,

Бузулган Чамбыл бери жагы

Орто-Чаткал жердеген,

Ойротко тизгин бербеген,

Жарагы болот бир кучак

Буудайык уулу Музбурчак (Сагымбай Орозбаков, 3. 88).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4