Орус-Швед согуштары

Википедия дан

Орус-Швед согуштары (18— 19-к.) — Орусия менен Швециянын ортосунда Балтика боюнда жанa Балтика деңизине үстөмдүк кылуу аракеттеринен чыккан согуштар.

  • 17001721-жылдардагы Түндүк согуш. Ал согушта Орусия (союздаш Дания жана Саксония) Балтика деңизине чыгуу үчүн күрөшүнө чыккан.
  • 17411743-жылдардагы орус- швед согушу Швециянын Түн. согушта (17001721) тарттырып жиберген жерин кайтаруу үчүн болгон аракетинен келип чыккан.
  • Орус армиясы швед аскерлерин Вильманстранд (1741-ж. 23-авг.) жанa Гельсингфорс (1742-ж. 24-авг.) районунунда талкалап, Або аймагынан кууи чыккан. Согуш Або тынчтык трактатын (1743) түзүү менен аяктап, Финляндия жеринин бир бөлүгү Россияга караган.
  • 1788-90- жылдардагы согуш да Швециянын мурдагы согуштарда аншраган аймагын кайтаруу мүдөөсүнөн келип чык­кан.
  • Түркия менен союз түзгөн Швеция түрктөр менен согушта (1787—91) алагды болуп жаткан орустарга кол салган, бирок орус аскерлери Гогланд салгылашында [1788, 6(17)-июль] швед флотунун чабуулунун мизин кайтарган.
  • 1790-ж. 2-майда Ревелдпн жанынан, июнда Выборг деңиз согушунда жецилгендеп кийин Швеция мурунку чек араны сактаган Верель тынчтык келишимин (1790) түзүүгө аргасыз болгон.
  • 1808—09-жылкы орус-швед согушу континенттик блокада шартында Россиянин Финн менен Бот- ния булуңдарын ээлеп калуу жана Петербургдун коопсуздугун камсыз кылуу аракетинен келип чыккан.
  • 1808-ж. орус аскерлери борб. жанa түш. Финляндияны ээлегепи менен, жазында шведдер каршы чабуулга өткөн. Би­рок орус аскери швед аскерлерин Куортанын жанa Оравайстын жанында жецип, убактылуу тынчтык түзүүгө аргасыз кылган. Падыша Александр I Аланд тынчтык элдешүүсүн бекитилгенден кийин согуш аракеттери кай­ра башталган.
  • Натыйжада шведдер орустар сунуш кылган тынчтык ке­лишимдин шарттарын кабыл алган. Фридрихсгам тынчтык келишими (1809) б-ча Россияга бүт Финляндия, Аланд а-дары өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.