Осмоналиев Каныбек

Википедия дан

Осмоналиев Каныбек (21. 1. 1956-ж. туулган, Ош облусу, Алай району, Гүлчө айылы) – физика-математика илимдеринин доктору (2000), профессор (2001). ОМПИни (1977), Тарту мамлекеттик университетинин (Эстония) аспирантурасын (1986) бүтүргөн. 1977–79-ж. Совет (азыркы Кара-Кулжа) районундагы Свердлов орто мектебинде мугалим, ОшМУда лаборант (1979–80), лаборатория башчысы (1980–83), окутуучу, улук окутуучу (1986–92). 1994–99-ж. Бишкек ш-дык кеңешинин депутаты болгон. 1994–2002-ж. «Дастан» технол. университетинин ректору, 2002–05-ж. Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик агенттигинин директорунун орун басары, 2007–08-ж. КРдин билим берүү жана илим министри, 2008–10-ж. Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп эмгектенген. 2010-жылдан КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты. КРдин билим берүүсүнүн отличниги (1999), КР Улуттук Аттестациялык комиссиясынын Президиумунун мүчөсү. Катуу заттар физикасы, оптика, катуу заттар электроникасы боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 1 монография, 6 окуу куралдын автору. Эмгектери: Курс общей физики. Учебное пособие для ВУЗов. Б., 1998; Люминесценция электронных возбуждений и их распад с образованием дефектов в ионных кристаллах. Б., 1999.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]