Осмонжан Абдылдаев

Википедия дан
Осмонжан Абдылдаев

Акын Осмонжан Абдылдаев Жети-Өгүз районунун Саруу айылында 1932-жылы 15-майда туулган. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн, 1970-жылы Алма-Ата шаарындагы Партиялык жогорку мектептин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун 1949-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. «Ленинчил жаш», «Мугалимдер газетасы», «Советтик Кыргызстан», «Кыргызстан пионери» гезиттеринде, «Жаш ленинчи» балдар журналында эмгектенген. Бир катар обондуу ырлардын да автору. «Президент жакшы – эл жакшы» аттуу ыры үчүн Президенттен Алтын калем жана сыйлоо барагын алган. Бир нече грамоталардын, Ардак грамоталардын ээси жана «Эмгек ардагери» медалы менен сыйланган. 1962-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1996-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде:

  • Таңкы гүлдөр: Ырлар (Жамааттык жыйнакта). – Ф.: Мектеп, 1961. – 28 б.
  • Тартуу: Ырлар (Жамааттык жыйнакта). – Ф.: Мектеп, 1961.
  • Жаштык сапар: Ырлар (Жамааттык жыйнакта). – Ф. Кыргызстан, 1964. – 300–386-бб.
  • Ак гүлдөр ыргалат: Очерк. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 20 б.
  • Жүрөк сүйүнөт: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1970. – 44 б.
  • Жылдыздар жанат: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1973. – 42 б.
  • Тепкедей жакшы кыз: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1980. – 185 б.
  • Кыргыз пейили: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1985. – 59 б.
  • Айды алып бермекмин: Кенже жана мектеп жашындагы балдарга. – Б.: Кутаалам, 2008. – 22 б.

Орус тилинде:

  • Белые цветы: Сборник очерков. – Ф.: Кыргызстан, 1996.
  • Сердце ликует: Сборник стихов. – Ф.: Кыргызстан, 1970.
==Колдонулган адабияттар==
  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.: 2011. Түзүүчүлөр: А.Чекиров, Ө.Калыева.