Осмонов, Сузак району

Википедия дан

Осмонов, Сузак району, Жылгын Кечүү, Чаңгет Сай – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Барпы атындагы айыл аймагына караштуу. Чаңгет-Сай суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 820 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 18 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 7 км. Калкы 704 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Кыштак 1998-ж. мамлекеттик ишмер Б. Осмоновдун ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]