Оюн-зоок ырлары

Википедия дан

Оюн-зоок ырлары — көңүл ачуу кечелеринде жана ар түрдүү оюндардын учурунда ырдала турган элдик ырлар.

Негизинен балдар жана жаштар Оюн-зоок ырлары деп эки топко бөлүнөт.

Балдардын Оюн-зоок ырларына:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Ак терек, көк терек»,
  • «Эл чабар»,
  • «Токту сурамай»,
  • «Чикилдектин зуулдоосу» ж. б. ыр­лар кирет.

Бул ырлар балдар оюнунун иреттүү өтүшүнө, алардын көңүл ачышына негизделген. Жаштардын Оюн-зоок ырларына «Селкинчек ыры» мисал. Ал ырдын эл арасында бир нече варианты бар. Алардын баарында тең жаштарды көңүл ачууга үндөгөн ой- кыял, сырдаштык мамиле туюнтулат. Революциядан кийин социалдык турмуштун жаңыча түр, мазмун алышына байланыштуу Оюн-зоок ырлары музыкалык фольклордун үлгүсү катары опералык чыгармаларда да пайдаланыла баштады.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.