Фольклор

Википедия дан

Фольклор (анг.— элдик акылмандык; элдик билим) — элдик оозеки чыгармачылык. Жалпы эле көркөм адабият элдик оозеки чыгармачылыктан жана жазма адабияттан турат. Мына ошол элдик оозеки чыгармачылык 1847-жылы англиялык окумуштуу В. Томстун сунушунан кийин фольклор деп аталат. Бул сөз англис тилинде «элдик билим, акылмандуулук» деген маанини билдирет. Фольклордо элдин тарыхы, улуттук белгилери, карым-катнаштары, психологиялары, турмуштук түшүнүктөрү оозеки баяндалган. Мындай чыгармаларда элдин ушундай болсо деген идеялары, үмүт-тилектери, кызыгуулары чагылдырылып, элдүүлүк мүнөзү күчтүү өнүккөн. Фольклордук чыгармалардын жазма адабияттан негизги өзгөчөлүктөрү булар:

  • 1. Коллективдүүлүгү башкача айтканда бир чыгарманын түпкү тегин жалгыз адам түзгөн болсо да, кийин ага көпчүлүк кошумчаларын кошот, айрым жерлерин алып салат, кыскасы автору белгисиз болот да, коллективдин чыгармасына айланат.
  • 2. Варианттуулугу. Элдин оозеки чыгармаларда туруктуу текст жок, бир эле чыгарма мезгили, орду, аткаруучусу жагынан ар түрдүү болуп кала берет да, натыйжада ар кыл варианттары келип чыгат. Мисалы, «Манас» эпосунун ондон ашык, «Эр Төштүктүн» төрт варианты жазылып алынган.
  • 3. Традициялуулугу. Мындай чыгармаларда текстинен тартып, сюжет, образ мотивдеринде окшоштуктар болот да, алар варианттардан варианттарга, бир мезгилден экинчи бир мезгилдерге көчүп жүрө берет.
  • 4. Оозеки болушу.
  • 5. Көркөмдук системасында туруктуу сөздөрдүн, фантастиканын, гиперболанын кеп кездешиши, реалдуулукка караганда, идеалдуулуктун көп өкүм сүрүшү.

Мына ушул белгилери менен фольклор жазма адабияттан айырмаланып турат, өз кезегинде фольклордук жанрлар, ой жүгүртүүнүн ушундай оозеки формасы, фольклордук образдар, сюжеттер, сүрөттөө каражаттары жазма адабиятка таасирин тийгизет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]