Пайгамбар

Wikipedia дан

Пайгамбар[оңдоо]

Пайгамбар – фарс тилинде кабар алып келген, кабарчы деген сөз.
Диндеги мааниси болсо –Алланын адамдарга туура жолду көрсөтүш үчүн жиберген, тандалган кишиси дегенди туюндурат. Тактап айтканда, пайгамбар – Алла менен анын кулдарынын ортосундагы Алланын сөзүн ташыган элчиси. Ал Алланын буйругу менен тыюуларын адамдарга билдирет.
Пайгамбарлардын бир бөлүгүнө китеп түшүрүлгөн. Аларга, адатта, «Расул», – деп кайрылышат. Пайгамбарлардын көбү Наби. Алардын айрымдарына китеп түшүрүлгөн эмес. Алар өздөрүнөн мурдагы пайгамбарларга түшкөн китептерге табынат жана аларды жарыя кылат. Буларды көбүнчө «Наби», көптүк түрдө «Анбия», – дешет. Китеп өзүнө түшкөн Расул да «Наби» делиши мүмкүн. Бирок башка бир пайгамбарга түшүрүлгөн китеп¬ке сыйынып, аны үгүттөгөн, өзүнө китеп түшпөгөн Наби эч качан «Расул», – деп айтылбайт. Мындайча айтканда, ар бир Расул ошол эле учурда Наби болуп эсептелет, бирок ар бир Наби, Расул эмес.

Инсандар пайгамбарларга муктаж. Себеби адам акылы менен дайым эле каалаганын биле албайт. Алла таалага акылыбыз менен жете алабыз, анткени бул аалам жана бул ааламдагы табияттын сырларын, анын тең салмакта болорун, бардык нерселердин телегейи тегиз, орду-ордунда экендигин изилдеген киши булардын өзүнөн өзү эле мындай жаралбагандыгын, бир Жаратуучунун бар экендигин түшүнөт. Ааламда баары өз-өз ордунда, ашыкча эч нерсесиз коюлган дейбиз, өзүнөн-өзү мындай жаралышы, чынында эле, мүмкүн эмес. Бирок ошол Жаратуучуга кандайча ибадат кыла турганыбызды, анын буйруктары менен тыюулары эмнелер экенин билбейбиз. Аларды бизге пайгамбарлар билдирет. Ошондуктан Алла пайгамбар жибербегендерине азап чектирбейт. Ага далил катары Курани Каримде мындай буйрулат: «Биз бир пайгамбар жибергенге чейин эч кимге азап чектирбейбиз» (Ал – Исра сүрөсү, 15-аят).

Алла тааланын пайгамбар жиберишинин даанышмандыгынын бир жөнү кыямат күнү эсеп берип жатканда адамдардын: «Аллам, биз милдетибиздин эмнелерден турарын билчи эмес элек», – деп шылтоолоп, кечирим талап кылбашы үчүн, муну буюрган: «Бул пайгамбарлардан кийин адамдар үчүн Аллага каршы далил болуп калбастыгы үчүн, Биз пайгамбарларды (момундарга бейиш жөнүндө) куш кабар жеткирүүчү жана (каапырларды тозок азабы менен) коркутуучу кылып жибердик, Алла – Кудурет жана Даанышмандык ээси» (Ниса сүрөсү, 165-аят).

Пайгамбарлык кандайча аныкталат?[оңдоо]

Пайгамбарлык – адаттан тышкаркы, укмуштуу, мужиза касиеттерге ээ болуу. Пайгамбармын деген киши анын туура экендигин көрсөтө турган мужиза жасай алышы керек.
Ал мужиза пайгамбар болуп дайындалганын айткан кишинин бул сөзүнүн туура экендигин далилдеш үчүн, Алланын кудурети менен көрсөткөн адаттан сырткаркы окуя болуп саналат. Мужизаны пайгамбар каалайт, Алла жаратат.

Пайгамбарларда болушу зарыл болгон сыпаттар[оңдоо]

Пайгамбарларга таандык беш сыпат бар: Сыддык, Аманат, Таблиг, Фетанет, Исмат.

  1. Сыддык – чынчылдык деген сөз. Пайгамбарлар чынчыл, туура сүйлөп, туура жүргөн кишилер бо¬лот. Эч качан жалган сүйлөбөйт.

Дин тууралуу эмне айтса, баары Алладан жана акыйкат. «Болду» дегендери – болгон нерсе, «болот» дегендери сөзсүз болот. Пайгамбарлар пайгамбар болгондон кийин эле эмес, ага чейин да такыр жалган сүйлөбөгөн, эч кимди алдабаган кишилер болгон.

  1. Аманат – ишеничтүү деген сөз. Пайгамбарлар бардык жагынан ишенүүгө боло турган кишилер. Милдеттерин так аткарып, өздөрүнө берилген аманаттарды ишенимдүү сактайт.
  2. Таблиг – жайылтуучу деген сөз. Пайгамбарлар Алла тарабынан өздөрүнө вахий кылынган нерселердин баарын эч бирин калтырбай, болгонун болгондой адамдарга жайылтышкан. Чынында, бул – алардын пайгамбарлык милдети.
  3. Фетанет – акылдуу жана түшүнүктүү болуу демек. Пайгамбарлар – эң акылдуу, эң эстүү жана түшүнүктүү кишилер.
  4. Исмат – күнөөдөн аруу болуу демек. Пайгамбарлар өрнөк кишилер болгону үчүн, Алла аларды кылмыш кылуудан сактаган. Бул сыпат пайгамбарлардан башкаларда болбойт, пайгамбарлардан башкалар, ким болсо болсун, толук күнөөсүз болбойт.

Пайгамбарларда болушу керек болгон беш сыпат, ошол эле учурда алардын бой көтөрүү, көрө албастык, эки жүздүүлүккө окшогон жаман адаттардан аруу болушун талап кылат. Пайгамбарларда болушу мүмкүн болгон сыпаттарга келсек, алар башка адамдарда да кездешет.

Пайгамбарлар да киши болгону үчүн, биз сыяктуу эле жейт, ичет, уктайт, чарчайт, табигый зарылдыктар менен алек болот. Өмүрлөрү түгөнгөндө өлүшөт. Алгачкы пайгамбар Адам алейхиссалам менен Мухаммед саллоллоху алейхи вассаллам арасында көптөгөн пайгамбар келип-кеткен. Алардын так санын жалгыз Алла гана билет. Курани Каримде айрым пайгамбарлардын аты аталган, Ошондой эле, аты белгисиз көптөгөн пайгамбарлар болгондугу белгиленген. Биз Алланын жиберген пайгамбарларынын баарына ынанабыз, алардын так санын Аллага калтырабыз.

Курани Каримде 25 пайгамбардын аты аталат. Алар төмөндөкүлөр: Адам, Идирис, Нух, Худ, Саалих, Шуайб, Ибрахим, Лут, Исхак, Исмаил, Якуб, Юсуф, Муса, Харун, Давуд, Сулайман, Аюб, Зул-Кифл, Илияс, Элиесса, Закария, Юнус, Яхия, Иса, Мухаммед саллоллоху алейхи вассаллам.

Булардан башка, Куранда Зул-Карнайн, Улукман (Лукман), Узейирдин ысымдары кездешет. Бирок булардын пайгамбар болгон-болбогону белгисиз. Айрым пикирлерге караганда, булар да пайгамбар. Айрымдар үчүн пайгамбар эмес, олуялар. Алардын пайгамбар экени кабыл кылынса, Курани Каримде аты аталган пайгамбарлардын саны 28 болот.

Шилтемелер[оңдоо]

1. http://www.old.islam.kg/?i=peigamberler