8-чи гвардиялык мотоаткычтар Панфилов дивизиясы

Википедия дан
Панфилов дивизиясы‎»‎ барагынан багытталды)

ПАНФИЛОВ ДИВИЗИЯСЫ – 316-аткычтар дивизиясы. 1941-жылдын 18-ноябрынан – гвардиялык дивизия. Панфилов дивизиясы 1941-жылы 12-июлдан Фрунзе (Бишкек) жана Алматы шаарларында уюштурула баштаган. Командирликке Кыргыз ССРинин аскер комиссары, генерал-майор И. В. Панфилов дайындалган. Москваны коргогону үчүн дивизия Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланып, гвардиялык дивизия наамын алган. И. В. Панфилов курман болгондон кийин (1941-жыл 18-ноябрь), анын ысмы дивизияга берилген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.