Паппатачи лихорадкасы

Википедия дан

Паппатачи лихорадкасы, желимчи лихорадкасывирус козгоочу оору.

Вирус ташуучу—флеботомус паппатачи желимчилери; соо адамга желимчи чакканда гана жугат. 3—8 күндөн кийин оорунун алгачкы белгилери байкалат. Паппатачи лихорадкасы капысынан башталат, эт ысыйт, баш ооруйт, булчуңдар сыздайт, адам жөөлүйт, алсызданат, бети тамылжып кызарып, шишимек тартат. Желимчи чаккан жерлерде катуу тырмагандан ыйлаакча жаралар пайда болот.

Бул оору айрыкча тропик, субтропикте, Орто Азияда, Закавказьеде, Ка­ра жана Каспий деңиздеринин жээгинде кезигет. Паппатачи лихорадкасынын диагнозу лаборатория аркылуу гана аныкталат. Ооруну алдын алуу үчүн желимчилерди жоготууда химиялык жана биологиялык жолдор колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.