Параллель

Wikipedia дан
Меридиандар сары түстө көрсөтүлгөн. Экватор — көк. Параллелдер - үзүк сызыкча

Параллельгеографиялык кеңдиктердин чоңдугу бирдей (барабар) болгон чекиттерди туташтыруучу сызык. Ар кандай параллель тегиздик Жер экваторунун тегиздигине параллель.

Асман параллели – асман экваторуна параллель жарык чыгаруучулар сызган кичине айланалар. Айрым учурда жарык чыгаруучулардын суткалык параллелдери деп да аталат.

Суткалык параллель – асман сферасындагы асман экватор тегиздигине параллель жаткан жарык чыгаруучулар сызып өтүүчү тегиздиктер. Асман сферасынын суткалык айлануусунун натыйжасында бардык асман жарык чыгаруучуларынын тегиздиги асман экваторунун тегиздигине параллель болгондой тегеректи сызат, башкача айтканда алар cуткалык параллельдер бонча кыймылдашат. Байкоочунун орунунун геогр. кеңдигин жана акыркы cуткалык параллелдеги жарык чыгаруучулардын жантаюусуна карата, же мат. горизонт эки чекитте кесилишет, же бүт бойдон алардын үстүнө, же астына жайгашат.

Кошумча макалалар[оңдоо]

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов