Парламенттик окуу

Википедия дан

Парламенттик окуу – мыйзамдын долбоорун кабыл алуу же аны четке кагуу менен аяктаган парламенттик угуу. Мыйзам чыгаруу процесси ар кайсы өлкөлөрдө ар түрдүү. Ошондуктан долбоор да биринчи, экинчи же үчүнчү окуудан кийин кабыл алынат. Негизинен окулган мыйзам долбоору үчүнчү окуудан кийин күчүнө кирет. Мыйзам долбоорун четке кагуу же мурунку окууга кайрылууга мыйзам чыгаруунун бардык баскычтарында жол берилет. Биринчи окуунун бирден бир милдети – мыйзам долбоорунун керектүүлүгүн (зарылдыгын) аныктоо жана долбоордун концепциялык жоболору же бул маселенин укуктук жактан чечүү жолу каралат. Экинчи окууда долбоорлор кошумча, алымча редакциясы боюнча каралып, ондоо киргизүүгө жол берилет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын өзгөртүүгө байланыштуу мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үчтөн-эки добуш менен эки окуудан кем эмес жол-жобо аркылуу гана кабыл алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]