Паскаль теоремасы
Паскаль теоремасы – проекциялык геометриядагы теорема. Ал теорема боюнча конустук кесилишке (эллипс, гипербола, парабола) ичтен сызылган ар кандай алты бурчтукта карама-каршы жактарын туташтыруучу үч түгөй сызыктын кесилишкен чекиттери бир түз сызыкта жатат, ал Паскаль түз сызыгы деп аталат. Мындай алты бурчтук томпок же жылдызча түрүндө болот. Бул теореманы Б. Паскаль (1639) негиздеген.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9