Патернализм саясаты

Википедия дан

Патернализм саясаты (латынча paternus – аталык, pater – ата дегенден) – «аталык камкордук», кайрымдуулук саясаты, идеологиясы. Патернализм саясаты Америка менен Батыш Европанын өнүккөн өлкөлөрүндө, Японияда ишкана ээси менен андагы эмгек жамаатынын (жумушчулардын) ортосундагы мамилени өндүрүштүк кызыкчылыкка буруу максатында башталган. 20-кылымдын башында АКШда «социалдык өнөкөттүн» жана «социалдык дүйнөнүн» коомун негиздөө үчүн пайда болуп, «адам көнүл буруунун башкы объектиси»,- деген талапты койгон. Өндүрүштө материалдык өбөлгө менен катар психол. факторлор: өндүрүш тармагындагы эмгек жамааттарынын биримдүүлүгү, ишкана жетекчилери менен өз ара мамиле, жумуш ордундагы жагымдуу атмосфера, жумушчунун аткарган жумушуна канааттануусу ж. б. Патернализм саясатынын негиздери мындан 2 миң жыл мурда эле Конфуцийдин концепциясында иштелип чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]