Педология

Википедия дан

Педология (грекче paidos - бала жана ...логия) - бала жөнүндөгү илим; баланын психологиялык, анатомиялык-физиологиялык, биол., социологиялык өсүү концепциясынын жыйындысы. Бирок бирдиктүү теория болуп эсептелбейт. Педология 19-кылымда АКШ жана Батыш Европада пайда болгон. Алгач 1893-ж. америкалык психолог Л. Хризман тарабынан балдардын курактык өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн мүнөздөө максатында колдонулган. Кийин балдардын өсүшү жөнүндөгү ар кандай илим тармагындагы табылгаларды практикалык максатта колдонуучу өз алдынча илим катары карала баштаган. 20-кылымдын 30-жылдары СССРде да кеңири жайылып, мектеп тарбиясынын теориясы жана тактысына зыянын тийгизген. Педология илиминде балдардын өсүшү тууралуу өтө баалуу илимий-методикалык материалдардын мыкты натыйжаларына карабастан, анын зыяндуу жактары бар экендиги эске алынып, ВКП(б) БКнын 1936-ж.4-июлдагы «Эл агартуу комиссариатынын системасында педологиялык бурмалоолор жөнүндөгү» атайын токтомунун негизинде анын андан ары өнүгүшүнө тыюу салынган. Натыйжада педагогикалык жана курактык психологиянын өнүгүшү тоскоолдукка учурап, психологиялык диагностика артта калды, окутуу жана тарбиялоо процессинде баланын инсандыгына көңүл буруу начарлады.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]