Перфоратор

Википедия дан

Перфоратор (латынча perforo – көзөйм) – 1) маалымат жазуу үчүн маалымат ташыгычка (мисалы, перфорация картасына, перфорация тасмасына) көзөнөк түшүрүүчү түзүлүштүк Перфоратор перфорациялоочу механизмден жана кыймылдаткычтан турат. Перфоратор кыймылдаткычтын тибине жараша мехникалык, электрдик, электр-магниттик, гидравликалык, пневматикалык; башкаруу ыкмасы боюнча кол менен иштетилме, жарым автоматтык болуп бөлүнөт; 2) көзөнөк көзөгүч машина (мисалы, кинотасманын, диаграмма кагазынын ж. б. чекесин); 3) Тоо-кен ишинде Перфоратор – бургулоочу балканын аты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]