Петров Константин Иванович

Википедия дан

Петров Константин Иванович (1920, Москва облусу, Абрютков кыштагы) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1985). 1949-ж. Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1950–61-жылдары Ленинград шаарында аскердик жогорку окуу жайында окутуучу, СССР ИИМдин Мамлекеттик борбордук архивинде илимий кызматкер, кийин Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Тарых институтунда илимий кызматкер болуп иштеген. Илимий эмгектери Кыргызстандын 13–18-кылымдардагы тарыхын изилдөөгө арналган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]