Пилсудский Юзеф

Википедия дан

Пилсудский Юзеф (полякча Józef Klemens Piłsudski; 5. 12. 1867, Россия империясы, Вилен губерниясы, Свенцян уезди, Зулов айылы – 12. 5. 1935, Польша Республикасы, Варшава шаары) – саясий ишмер. Харьков университетинин медициналык факультетинде окуп, студенттердин толкундоолоруна катышкандыгы үчүн 1885-ж. университеттен чыгарылган. Александр Шнү өлтүрүү үчүн кол салууну даярдоого катышкан деген жалаа менен камалып, 1888– 92-жылдары сүргүндө жүргөн. 1892-ж. Польша социалисттик партиясына кошулган. 1904-ж. Орус-япон согушу башталгандан кийин япон чалгын кызматы менен тыгыз байланыш түзүп, орустардын тылын алсыздандыруу максатында Токиого барып келген. Поляк жана орус пролетариаттарынын биргелешкен күрөшүнө каршы чыгып, 1905–07-жылдары террористтик күрөш топторун түзгөн. 1906-ж. Польша социалисттик партиясынын улутчул революциялык фракциясынын түзүүчүлөрүнүн бири. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде Австрия-Венгрия тарабында күрөшкөн поляк легионун жетектеген. 1916-ж. австрия-герман оккупанттары түзгөн «көз карандысыз полына мамлекетинин» «өкмөтүндө» аскер департаментинин начальниги болуп шайланган. 1917-ж. июлда оккупациялык бийлик менен тирешүүдөн улам камакка алынган. 1918-ж. ноябрь айында Германиядагы революциядан кийин бошотулуп, Варшавага келип, революциялык кыймылга каршы күрөшкө катышкан. 1918–22-жылдары «мамлекеттин начальниги» (диктатору) деген ат менен Польшаны башкарган. Революциялык кыймылды катуу жазалап, Польшаны СССРге каршы интервенцияга катыштырып, 1926-ж. аскердик төңкөрүш жасап, өмүрүнүн акырына чейин Польшанын диктатору болгон. 1926-жылдан аскер министри жана куралдуу күчтөрдүн генералдык инспектору, 1926–28-жылдары жана 1930-ж. премьер-министр. 1934-ж. поляк-герман келишимин түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]