Пирротин

Википедия дан

Пирротин (грекче πυρρότης – кып-кызыл), магнит колчеданы – сульфиддер классындагы минерал, FenSn+1(n=6…11), көп кездешкени FeeSr Гексагон системасында кристаллданат. Өнү колодой сары. Металлдай жалтырайт. Катуулугу 3,5–4,5. Салыштырма салмагы 4,7. Ферромагнетик. Гидротерм, контакттык метасоматоз жана магматизм процесстеринен пайда болот. Магмадан пайда болгон Пирротиндин курамында центландит, халькопирит, сперршит PtAs2 ж. б. кездешкендиктен, никель, кобальт, жез жана платинанын кен ташы болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]