Пластырлар

Википедия дан

Пластырлартериге жабыштыруу үчүн колдонулуучу дары формасы. Пластырларды канифоль, мом, цинк кычкылы, ланолин, каучук аралашмаларынан алынган массаны кездемеге жука сыйпап даярдайт. Алар таңгакты бекемдөө, жарааттарды чаптоо, сыныктарды эпке келтирүү, айрым жерлерди дарылоо үчүн колдонулат.
Пластырлар лейкопластырь, бактерициддүү, чорго каршы, калемпирлүү, коргошундуу, чачты түшүрүүчү болуп бөлүнөт.

Лейкопластырь негизинен бинтсиз таңууда, бактерициддүү Пластырлар кичине жарааттарда, тери айрылып, сыйрылганда жабыштырылат.

Чорду жоготуш үчүн чорго каршы Пластырлар колдонулат.

Калемпирлүү Пластырлар врачтын сунушу боюнча бел, көкүрөк жана башка ооруган жерге жабыштырылат. Ал 2 сутка таасир этет.

Коргошундуу Пластырлар теринин кээ бир ириңдүү сезгенүүлөрүндө врачтын сунушу менен колдонулат.

Баштын чачтуу бөлүгүнүн ооруларында чачты түшүрүүчү Пластырлар жабыштырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8