Полинефрит

Википедия дан

Полинефрит — көбүнчө кол-бут нервинин оорусу.

Пайда болуу себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Полинефрит өзүнчө оору катары, ошондой эле инфекциялык оорулардын (мисалы, кептөөр, дизентерия) же зат алмашуунун бузулушу менен мүнөздөлгөн оорулардын (мисалы, кант диабетинен болгон полинефрит) кабылдоосу катары пайда болушу мүмкүн. Полинефрит ичеги-карын оорусунун кесепетинен нерв тканына керек заттардын жана витаминдердин сиңирилиши бузулгандарда да болот. Мышьяк, сымап, коргошун, ошондой эле турмуш-тиричиликке керектелүүчү химиялык каражаттарды туура эмес колдонуп уулануудан пайда болгон полинефрит өзгөчө топту түзөт.

Оорунун жүрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оору башталганда кол-буттун башы чымырап, жылуу мезгилде да муздагансып, сыздап, сайгылашып ооруйт. Бара-бара бут алсызданып, басуу, ошондой эле кол менен бир нерсени кармоо да кыйындайт. Кол-буттун булчуңдары кичиреет (атрофия). Кол чеңгелинин жана бут кетменинин сезгичтиги жоголот.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоо врачтын көрсөтмөсү жана көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Адегенде оорунун себебин аныктоо маанилүү. Катуу кармаганда төшөккө жатуу керек. Дарыдан тышкары физиотерапиялык процедуралар, айыктыруучу физкультура; өнөкөт түрүндө курортто дарылануу сунуш кылынат. Инфекциялык оорудан жана зат алмашуунун бузулушунан болуучу полинефритти өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоо жана уу химикаттарды инструкциясын бузбай колдонуу менен алдын алуу керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8