Понт падышалыгы

Википедия дан

Понт падышалыгы - , Понт - Кичи Азиядагы кул ээлик, эллиндик мамлекет (б.з.ч. 302 (301)-64). Персиялык Ахаменилерден чыккан Митридат I Ктист негиздеген.

Борбору - Амасия шаары. Понт падышалыгынын негизги эли каппадокиялыктар болуп, кийин аларга Понт Эвксинский жээктериндеги (Понт падышалыгынын аты да ушундан) шаарлар жана чыгыш чек арадагы уруулар кошулган.

Понт падышалыгынын курамына кул ээлик түзүлүштөгү грек шаарлары менен катар уруулук мамилелер үстөм кылган аймактар да кирген.

Понт падышалыгындагы кул ээлери бара-бара эллин (грек) маданиятын, тилин жана жазуусун өздөштүргөн. Б.з.ч. 2-кылымдын башынан Понт падышалыгынын тышкы саясаты күчөп, Митридат VI Евпатор тушунда өтө гүлдөгөн.

Б.з.ч. 1-кылымда Понт падышалыгы эллиндик дүйнөдөгү күчтүү мамлекетке айланып, Улуу Армениянын падышасы Тигран II менен бирдикте Рим республикасына каршы согуш ачкан.

Адегенде көп аймакты каратканы менен б.з.ч. 86-ж. Сулланын армиясынан жеңилип, аны менен б.з.ч. 85 (84)-ж. тынчтык келишим түзгөн соң каратып алган жерлеринен бүт ажыраган.

Митридаттын Римге каршы кийинки согушу (б.з.ч. 77-64) да ийгиликсиз аяктаган соң Понт падышалыгы Рим мамлекетинин курамына кошулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.