Порошоктуу металл материалдар

Википедия дан

Порошоктуу металл материалдар - порошок металлургиясынын ыкмалары менен алынган материалдар.

Порошок металлургиясынын ыкмалары менен химиялык составы, физикалык касиеттери жана структурасы өзгөчө (каалагандай) болгон материалдарды алууга болот. Бул метод аркылуу жалаң заготовка менен чала фабрикаттар алынбастан, андан ары иштетүү талап кылынбагандай биротоло даяр буюмдар да алынат. Порошоктуу металл материалдар металл менен металл эмес материалдардан, металл куймалары менен эригеп түрдө аралашпаган компоненттердин (мисалы, темир-коргошун, вольфрам-жез ж. б.) аралашмасынан турушу мүмкүн.

Кээде Порошоктуу металл материалдар эритүү аркылуу алынган материалдардан да өтө сапаттуу (кээ бир тез кесүүчү болот, отко бекем куймалар, бериллий ж. б.) материалдар иштеп чыгарылат. Азыр жез-графит композициялык материал (электр генератору, электр кыймылдаткычтарынын ток өткөрүүчү щёткалары), вольфрам-жез. күмүш-графит сыяктуу псевдокуймалар жана композициялык материалдар, майда көңдөйлүү металл материалдар ушул ыкма менен даярдалат.

Бул металлдардын майда көңдөйлөрүнө май толуп жакшы майлангандыктан, алар подшипниктер (вал. ж. б. айлануучу) ж. б. үчүн маанилүү материал болуп эсептелет. Эритүү аркылуу алынган металл материалдарга салыштырганда бир топ артыкчылыгы болгондуктан Порошоктуу металл материалдарын өндүрүү улам өркүндөтүлүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.