Портал:Африка

Википедия дан
Үйрөнчүктөргө · Жамаат · Жардам · Порталдар · Сыйлыктар · Долбоорлор · Эрежелер · Кызматташуу
Портал   Мыкты макала   Долбоор   Долбордун талкуусу   Долбоордун катышуучулары  |

Африка — Дүйнөдө чоңдугу боюнча Евразиядан кийинки экинчи материк, дүйнө бөлүгү. Аянты 29,2 млн км2 (аралдары менен 30,3 млн км2). Калкы 800 млн.го жакын адам.Курамында 56 өлкө бар. Батышынан Атлантика океаны, түндүгүнөн Жер Ортолук деңиз, чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Инди океаны жана Кызыл деңизи менен чулганат. Суэц мойногу аркылуу Азия менен туташып, кууш (13 км) Гибралтар кысыгы аны Европадан бөлөт. Африканын эң түндүк учу - Эль-Абьяд тумшугу, түштүк чети - Ийне тумшугу, батышы - Жашыл Тумшук жарым аралындагы Альмади тумшугу, чыгышы - Сомали жарым аралындагы Рас-Хафун тумшугу. Жээктери көбүнчө тоолуу, ыңгайлуу булуң-буйтка аз; эң чоң булуңдары - Гвинея, Сидра. Эң ири жарым аралы - Сомали. Африкага (дүйнө бөлүгү катары) таандык аралдар: чыгышында - Мадагаскар, Комор, Маскарен, Амирант, Сейшель, Пемба, Мафия, Занзибар, Сокотра; батышында Мадейра, Канария, Жашыл Тумшук, Аннобан, Пагалу, Сан-Томе, Принсипи, Фернандо, По, Биоко, алыскы аралдары - Вознесение, Ыйык Елена, Тристан-да-Кунья. Геологиялык түзүлүшү боюнча Африка - негизинен кембрийге чейинки платформа.