Призма
Wikipedia дан
Призма - эки гранын (Призманын негиздери) конгруэнтуу n бурчтук, ал эми калган n грандары (капталдары) параллелограмм болгон көп грандык. Призманын негиздери конгруэнттуу, алар параллель тегиздиктерде жатат. Эгер каптал грандардын тегиздиктери негизинин тегиздигине перпендикуляр болсо, анда ал тик призма деп аталат. Негизги туура көп бурчттук болгон тик призма туура призма деп аталат. Негизги 3,4,5 бурчтук жана башка болушуна карата прризма үч, төрт жана n бурчтуу призма болот. Призманын каптал бетинин аянты перпендикулярдуу кесилиштин периметрин каптал кырынын узундугуна көбөйткөндөгү көбөйтүндүсүнө барабар. Призманын көлөмү негизинин аянтын анын бийиктигин көбөйткөн көбөйтүндүсүнө барабар.