Прокурордук көзөмөл

Википедия дан

Прокурордук көзөмөл – Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын Кыргыз Республикасынын атынан өлкөдө колдонулган мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүзүшү: Кыргыз Республикасынын адамдары менен жарандарынын Конституцияда бекемделген эркиндигин жана укугун коргоо, ошондой эле мыйзамдуулуктун бузулушуна жол бербей алдын ала эскертип, күнөөлүү адамдарды мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга жана укуктук каражаттарга таянып, жоопкерчиликке тартуу. Кыргыз Республикасында прокурордук көзөмөлдүн негизги маңызы: чыгарылган укуктук актылардын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мурун чыгарылып, колдонулуп жаткан мыйзамдарга туура келүүсүн текшерүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын тийиштүү министрликтер жана мамлекеттик комитеттер, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, көзөмөл органдары, аскердик башкаруу органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери менен жооптуу кызматкерлери тарабынан кыйшаюусуз аткарылышын көзөмөлдөө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]