Простата безинин аденомасы

Википедия дан
Простата безинин (2) жана жанаша органдардын схемалык көрсөтүлүшү (жара кесилген) — солдо соо, оңдо бездин аденомасы берилген: 1— табарсык; 2— простата бези; 3— простата бези тушундагы заара чыгуучу түтүк; 4— көтөн чучук. Аденомада простата бези чоңоюп, заара агуучу түтүктү кысат.

Простата безинин аденомасы (латын тилинен adenoma prostatae) — эркектин простата безинин эпителий клеткасынан өсүп чыккан коркунучсуз шишик.

Нормалдуу(сол), ооруган бези чоңойгону (оңдо)

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Простата безинин аденомасы башкача айтканда көбүнчө 55—75 жаштар чамасындагы улгайган эркектер ооруйт.
Простата безинин аденомасына ички жыныс органдарынын ишинин бузулушу, жыныс безинин ар түрдүү оору менен сезгениши, ошондой эле аз кыймылдоо түрткү болушу мүмкүн. Простата безинин аденомасыда бездин салмагы, көлөмү чоңоюп, заара каналын кысат.
Анын өтүшү үч стадияга бөлүнөт.

Биринчи стадиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи стадиясында оорулуу адам тез-тез (6 — 7 жолу) заара ушаткысы келип, түнкүсүн 2—3 жолу заара кылат. Табарсык, чаткаяк тушунда ыңгайсыз нерсе сезилип, кээде заара менен кан аралашкан уруктук чыгышы ыктымал. Оорулуунун жалпы абалы көп өзгөрбөйт, ошондуктан көпчүлүгү врачка кайрылбайт. Аденоманы андан ары өстүрбөө үчүн алгачкы белгилер пайда болору менен врачка кайрылып, анын сунуштарын аткаруу зарыл. Суукка урунуудан сактанып, ичеги-карындын иштешине көз салуу, эртең менен гимнастика жасап, жөө көп басуу (1—1,5 саат), диетаны сактоо керек, калемпир, горчица, консерва, ышталган эт, балык, алкоголь пайдаланууга болбойт.

Экинчи стадиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экинчи стадиясында түнкүсүн 3—5 жолу кыйналып (ыйынып) заара ушатат, бара-бара күндүзү да заара ушатуусу начарлап, айрым учурда заарасын кармай албай да калат. Заара толук чыкпай табарсыкка чогулат. Заарада микробдор көбөйө баштаганда табарсык сезгенип, ачышат. Канал ичкерип заара чачырап чыгат. Жогорку белгилер аденоманын өсүшүнө жараша болот. Узак убакытка созулган ичтин катышы, сыз жерге отуруу, дененин үшүп калышы, айрыкча буттун үшүшү, ичкилик, өтө туздуу өткүр тамак ичүү ооруну күчөтөт, кээде шейшеп бекип, туттугууга алып келет.

Үчүнчү стадиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Простата безинин аденомасынын үчүнчү стадиясында табарсыкта 1,5—2 лге чейин заара чогулгандыктан ал чоюлуп, эти качып, күчү кетет. Канча ыйынса да заара чыкпай, тамчылап калат. Сезгенген табарсыктагы ириңдүү сийдик жогору карай бөйрөккө тарап, бөйрөк сезгенип, иши начарлайт. Бөйрөк ишинин начарлашы ичеги-карын, боор ишин бузуп, оорулуу арыктап, ич өтүп, кусуп, денени сары темгил басып, тил кургап, суусап оор абалга туш келтирет.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Простата безинин аденомасын дарылоодо анын стадиясы эске алынат. Ар түрдүү дарыларды колдонуу (антибиотик, гормон) күнүмдүк кабылдоолордон гана сактай алат. Негизинен хирургиялык операция жолу менен дарылайт. Операция 2 этап менен жасалат. Алгач табарсыкка заара чыгаруучу түтүк коюлуп, арадан 2 — 3 ай өтүп, жалпы ал-абалы оңолгон соң, экинчи этабында аденома алынат. Коюлган түтүк менен заара жыйнагычты таза жууп, заара жытын кетирүү үчүн заара жыйнагычка марганцовканын 0,1%түү эритмесин куюп коёт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8