Проферменттер

Википедия дан

Проферменттер, преферменттер, зимогендер – фермент биосинтезинде ферменттерден мурда пайда болуучу активдүү эмес форма.

Проферменттер протеолиз реакпиясынын натыйжасында активдүү ферментке айланат. Проферменттердин молекуласында көбүнчө бир пептид байланышы бузулганда анын түзүлүшү өзгөрүп, ферменттин активдүү борбору түзүлөт. Жаныбарлардын жана бактериялардын протеолиттик ферменттеринин көбү, ошондой эле фосфолипаза да профермент катары синтезделет.

Проферменттер дин биологиялык мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.