Психопатия

Wikipedia дан

Психопатия (грек тилинен ψυχή — жан + πάθος — азап чегүү, оору) — патологиялык абал, ички (тукум куугуч, ички органдардын оорусу) жана тышкы (туура эмес тарбия, жаман чөйрө) себептердин таасиринен адамдын чектен чыккан терс мүнөзү.

Пайда болушу жана жүрүшү[оңдоо]

Психопатия менен кадимки мүнөздүн ортосунда белгилүү чек жок. Ал акырындык менен калыптанып, мүнөзгө айланат. Мындай адамдар тээжик, кыйкымчыл, сабыры жок, чыдамсыз, адепсиз, ачуулуу болушат. Психопатия шартка жараша өзгөрүп турат, жакшы шартта адам тынчтанып, кадимки абалда болот. Ал эми жаман шартка туш болсо же ооруп калса адамдын терс кыялы психикалык оорулуу абалга (психогендик абал) чейин жетет. Кадыресе адам эч ачууланбай турган окуя психопатияларда туталантат, психикасы бузулат. Мындай терс кыялдуу адамдар чөйрөгө оңой менен көнүшө албайт, өзүн жана айлана-чөйрөсүндөгү адамдарды да азап чектирет.

Түрлөрү[оңдоо]

Психопатиянын ар кандай түрлөрү бар:

  • кээде жинденип, туталанып, урушчаак, адамдар менен мамилеси өтө начар болот.

Башка түрүндө

  • өзүн мыкты сезип, өзгөлөрдөн кыйкым издеп, шектенет, арызчыл болушат.

Айрым түрлөрүндө

  • көңүлү дайым көтөрүңкү болуп, баштаган иштин аягына чыкпайт, көңүлү алагдыланып, жеңил ойлуу келишет. Алар шашма, сүйлөөк болушат, кишилер менен бат ымалашат, көп убада беришет, бирок аткарбайт.
  • Депрессиялык түрүндө дайыма көңүлү чөгүп, капалуу, унчукпай жүрөт. Эч нерсеге канааттанбай, нааразы болушат.
  • Астениялыкта уяң, жүүнү бош, коркок, териси тар, таарынчаак болушат. Өзүнө-өзү ишенбей, өз кылык-жоруктарын кайта-кайта талдап асанкайгыланаберишет.
  • Истериялыкта жүрүш-турушу жасалма, жеңил ойлуу, оомо, бала кыял болот. Өзүн көрсөтүү үчүн калп айтууга, мактанып, жаман жоруктарга барышат. Алар туруксуз болушат, күлүп жатып ыйлап жибериши мүмкүн (истериялык талма), кекечтенет, калтырайт (Истерия). Психоастенияда адам өтүмсүз, чечкинсиз, өз күчүнө ишенбей шекшинип, көз карашы тар, тайкы болушат (Психоастения). Психопатияны бул түрлөрү менен эле чектөөгө болбойт. Ал башкача мүнөздө өтүшү ыктымал. Психопатияны мээ органдары жабыркагандан айырмалоо зарыл.

Дарылоо[оңдоо]

Психопатиянын эң негизги белгиси — адамдын кулк-мүнөзүнүн өзгөрүнгү. Психопатиянын даражасы анын башталгандан берки мөөнөтүнө жараша болот. Психопатияны жакшы тарбиянын таасири менен жеңилдетүүгө болот, кээде дарыларды колдонууга туура келет. Бирок бул ыкмалар адистин көрсөтмөсү менен гана иштелүүгө тийиш, туш келди дарылоо психопатияны күчөтүп, психикалык ооруга айландырат.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8