Радио байланыш

Википедия дан

Радио байланышрадио толкундардын жардамы менен маалымат берүү жана кабыл алуу сиетемасы. Ал маалымат берүүчү тарапта радио бергич менен толкун таратуучу антеннадан, кабыл алуучу тарапта кабылдагыч антенна менен радио кабылдагыч түзүлүштөн турат. Кандайдыр бир диапазондогу гармониялык термелүүлөр берилүүчү кабарга ылайык модуляцияланып, радиосигнал түзүлөт. Радиосигнал берүүчү антеннага өтөт да, ал аркылуу мейкиндикте тиешелүү түрдө модуляцияланган электр-магнит толкундары пайда болот. Таралган радио толкундар кабыл алуучу антеннага жетет да, анда радио кабылдагычка өтүүчү электр термелүүлөрүн пайда кылат. 1895-жылы А. С. Попов, 1896-жылы италиялык радиотехник Г. Маркони сигналды алыс аралыкка зымсыз берүүнү ишке ашырган. Радио байланыш бир же эки тараптуу, бир же көп каналдуу болуп бөлүнөт. Радио сигналдарды кыйла аралыкка берүү ретрансляциялоочу радиорелелик байланыш спутниктердин жардамы менен жүргүзүлөт. Радио байланыш линиялары телефон кабарларын, телеграммаларды, санариптик информацияны жана телекөрсөтүү программаларын берүү үчүн да пайдаланылат. Пайдалануу жана байланышуу алыстыгына жараша радио байланыш линиялары эл аралык жана мамлекеттик (магистралдык жана зоналык) болуп айырмаланат. Радио байланыш линияларынын өнүгүшү өлкөнүн байланышын бирдиктүү автоматташтырылган системага киришүүсүн эсепке алуу менен пландаштырылат. Радио байланышты орнотуу жана системалуу иштетүүнү уюштуруунун техникалык иш-чаралары менен каражаттары радио байланыш кызматын түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]