Республика (партия)

Википедия дан
Республика

Партиянын логотиби
Төрөгасы

Мирлан Жеенчороев

Негиздеген

Өмүрбек Бабанов

Негизделген датасы

2010-жыл

Башкы кеңсеси

Бишкек

Идеологиясы

либерализм, парламентаризм

Сайты

respublika.kg

«Республика» — Кыргызстандагы либералдык саясий партиясы.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Республика» партиясы, Өмүрбек Бабанов тарабынан 2010-жылы негизделген жана ал партияны 2014-жылга чейин жетектеген.

2014-жылы Ата-Журт партиясы менен биргеликте Республика-Ата-Журт блогунун курамына кирген. Бирок бул блок 2020-жылы жоюулуп, партиялар өз алдынча иш алып барууга өтүшкөн.

2010-жылдын парламенттик шайлоо кампаниясы учурунда, «Республика» партиясы депутаттардын санын 120дан 75 чейин азайтуу демилгесин көтөргөн.

2020-жылдын парламенттик шайлоо учурунда «Республика» партиясы 5,89% гана добуш алып, бир да мандатка ээ боло алган эмес (кийинчерээк бул шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган).