Ретикул-эндотелий системасы

Википедия дан

Ретикул-эндотелий системасы, макрофаг системасы - киши жана айбанаттардын организминде түйүлдүктүн туташтырма тканынан (мезенхимадан) пайда болуп, эркин жүрүүчү фагодиттөөчү клеткаларга (макрофагга) айланууга жөндөмдүү клеткалардын жыйындысы.

Ретикул-эндотелий системасы нын негиэдөөчүсү И. И. Мечников сезгенүү жөнүндөгү изилдөөлөрүнде туташтырма ткандын жана кандын кээ бир клеткаларынын макрофагга айлана турганын көрсөткөн. Ретикул-эндотелий системасына туташтырма ткандагы гистиоциттер, кандагы моноциттер, капиллярдын ички катмарындагы клсткалар, боордогу купфер клеткалары ж. б. кирет.

Ретикул-эндотелий системасы организмдин коргонуу функциясына, иммунитет процесстерине, зат алмашууда пайда болгон кээ бир заттардын уулуу таасирин таратууга катышат. Эритроциттердин бузулуусу, утилиз ациялоосу жана өт пигменттеринин пайда болушу көк боор менен боордун Ретикул-эндотелий системасынын клеткаларына өтөт. Андагы пигменттердин топтолушуна байланыштуу ал органдардын өңү көгүш болот. Эгер липиддер көбөйсө, боор менен көк боор чоңоёт.

Ретикул-эндотелий системасына бай органдарды (мисалы, көк боор) алып таштаганда адамдын ооруга туруктуулугу начарлап, түрдүү шишиктер пайда болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.