Рим клубу

Википедия дан

Рим клубу – эл аралык коомдук уюм. «Рим клубу» италиялык коомдук ишмер А. Печчеи менен Эл аралык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун [ЭАКӨ (англ. OECD – Organization for Economic Coperation and Development)] илимий маселе боюнча генералдык секретары А. Кингдин демилгеси аркылуу 1968-ж. апрелде уюшулган. Ага дүйнөгө белгилүү саясат, финансы, маданият ж. б. өкүлдөрү кирип, уюм жер шарынын биосферасынын келечеги, адам менен жаратылыштын өз ара мамилесин гармониялаштыруу тууралуу идеяны жайылтууга салым кошот. Ар кайсы мезгилде белгилүү жазуучу Ч. Айтматов, академиктер Д. М. Гвишиани, Е. К. Фёдоров, Е. М. Примаков, А. А. Логунов, С. П. Капица, В. А. Садовничий клубдун анык мүчөсү, ал эми М. С. Горбачёв менен Б. Е. Патон ардактуу мүчөсү болгон.