Рим укугу

Википедия дан

Рим укугу – Байыркы Рим мамлекетинин мыйзамдар жыйнагы. Жазуу жүзүндө бизге жеткен алгачкы булактардын бири 12 таблица (латынча Leges duodecim tabularum) «Солондун закону» (б. з. ч. 5-кылымдын ортосу) деп аталса, б. з. ч. 3-кылымда Рим укугунун нормаларынан толук четтетилген. Байыркы Римде алгач илимий системага салынган укуктук жалпы жыйнак Гай институциясы деп аталып калган. Б. з. 2–3-кылымдарында Домиций Ульпиан (170–228) тарабынан жеке (jus privatum) жана коомдук (jus publicum) укук деген түшүнүк киргизилген. Анын негизинде коомдук укук – коомдун кызыкчылыгы менен мамлекет жана анын органдарынын укуктук абалын аныктап, ал өз алдынча 3 бөлүктөн (чиновниктердин укуктары жана милдети, дин кызматчыларынын укуктары жана милдеттери, кылмыш укугу) турган. Рим мамлекетинин кулашы менен коомдук укук (jus publicum) унутулуп, жеке укуктун (jus privatum) негизинде батыштагы башка өлкөлөрдө жеке менчиктин кол тийбестиги аркылуу эркиндик жана жеке адамды сыйлоо прициби өнүккөн. Азыркы учурда да укук системасын калыптандырууда Рим укугуна үлгү катары кайрылышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]