Ролль теоремасы
Ролль теоремасы – дифференциалдык эсептөөдөгү негизги теоремалардын бири. Ал төмөнкүдөй айтылат: эгерде f(x) функциясы [а, 6] кесиндисинде үзгүлтүксүз болуп, ошол кесиндинин ар бир чекитинде дифференциаланса жана ал кесиндинин четки чекиттериндеги функция маанилери f(a)=f(b) болсо, анда (а, Ь) интервалында f '(х) туундусунун нөлгө айлануучу кеминде бир с чекити болот. f'(x) = 0. Ролль теориясын алгач (1690) француз математиги М. Ролль (1652–1719) аныктаган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9