Романютин Александр Иванович

Википедия дан

Романютин Александр Иванович (3. 8. 1924, азыркы Казакстан, Жамбыл облусу, Курдай району, Георгиевка кыштагы – 4. 2. 2006, Киев) – Советтер Союзунун Баатыры (1944[1]). Капитан (1948). Харьков шаарындагы артиллериялык окуу жайын (1943), Ленинград мамлекеттик университетин (1953) бүтүргөн. 1942-ж. Советтер Армияга Кант райондук аскер комиссариатынан чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта 2-, 1-Украин фронтторунда 136-аткычтар дивизиясынын 342-полкунун 45 ммлүү замбиректер взводунун командири. Воронеж фронтунда салгылашкан. Романютин Днепрдин оң жээгиндеги (Киевден түндүк тарапта) салгылашта өз батареясы менен өтө чебер манёвр жасап, душманды катуу сокку урган. Романютин өзү жалгыз душмандын 3 замбирегин жана 25 фашистти жок кылган. Согуштан кийин Алматыда ар кыл Илимий изилдөө институттарында иштеген. Ленин, Александр Невский, 1- жана 2-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Советского Союза офицерскому и сержантскому составу артиллерии Красной Армии» от 9 февраля 1944 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1944. — 24 февраля (№ 11 (271)). — С. 1